Содержание
-
§§ 25-26.СССРДИН КЫЙРАШЫ ЖАНА КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕС КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТИНИН ЖАРАЛЫШЫ КЫРГЫЗСТАНДЫН ТАРЫХЫ, 9-КЛАСС
-
1.Ош коогалаңы жана анын республикадагы коомдук-саясий турмушка тийгизген таасири. 2.Кыргызстандын биринчи президентин шайлоо 3.Мамлекеттик суверендүүлүк жөнүндөгү декларация 4.Август окуялары.1991-ж.19-август 5.Кыргызстандын көз каранды эместигинин жарыяланышы. 6.СССРдин кулашы жана КМШнын түзүлүшү САБАКТЫН ПЛАНЫ:
-
ОШ КООГАЛАҢЫ ЖАНА АНЫН РЕСПУБЛИКАДАГЫ КООМДУК-САЯСИЙ КЫРДААЛГА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИ Демократиянын жана маалымдуулуктун өнүгүшү өлкөдө көптөн бери чечилбей жаткан проблемаларды ачыкка чыгарды.Анткени буга чейин социалдык жана экономикалык проблемалар айтылбай келген. Кыргызстан Орто Азиянын башка республикаларындай эле өлкөнүн чийки заттарды өндүрүү базасына айландырылып,социалдык өнүгүшүнүн жана социалдык камсыз болушунун деңгээли боюнча көптөгөн союздук республикалардан артта калган. Кызмат акы өтөтөмөн болгондуктан калктвн жан кирешеси 75 сомго жетпеди. Бүткүл республика боюнча иш менен камсыз болбогон калктын саны 140 миңден ,турак-жай алууга же шартын жакшыртууга муктаж адамдардын саны 120 миңден ашты.Билим берүү системасында окуган балдардын 40% үч сменада окутулган. Республикада жүз миңдеген аадамдар,анын ичинде Ош областынан эле 60 миңдей адамдар же ар бир 6-үй-бүлө турак-жайдын кезегинде турган.Алардын көпчүлүгү көптөгөн жылдар бою кезектерин күтүп,батирлерде,жатаканаларда жашаган кыргыз жаштары эле.
-
Партиялык жетекчилик калктын күнүмдүк муктаждыктарын канааттандырууга,иш менен камсыз кылууга,жергиликтүү жумушчу кадрлар менен адистерди кайра даярдоого,алардын турмуш-тиричилик шартын жакшыртууга жакшы көңүл бурбады. Бул нерселердин баары айрыкча жаштардын нааразычылыгын туудурду. Ушундай шартта 1990-ж.4-июнда айында Ош областында кыргыздар менен өзбектердин ортосунда кагылышуулар болду.Бул республикадагы партиялык органдардын жөндөмсүз саясатынын натыйжасы болду.
-
Жогорку Советинин Улуттар Советинин төрагасы Р.Нишановго, Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретары А.Масалиевге, „Известия ЦК КПСС“ журналынын жана Советская Киргизия гезитинин редакцияларына жазган арызынан: „... Биздин терең ишеничибиз боюнча улуттардын реалдуу тең укуктуулугун жана теңчилдигинин маселесин чечүу үчүн Кыргыз ССРинин чегинде Ош чөлкөмүнө өзгөчө автономия берүү керек. Кыргыз ССРинин алкагында Ош автономиялык областын түзүү улут аралык маселелерди чечүүнүн туура жолу экендигин көрүп турабыз.Муну менен И.В.Сталиндин улут маселеси боюнча Эл Комиссары болуп турган кезде улуттук маселелерди администрациялык-командалык ыкма менен чечүүдө кетирилген кемчиликтерди оңдоого болот. Мындай мамлекеттик түзүлүш биздин республикада улуттук тең укуктуулукту демократиялуу чечүүгө мүмкүндүк берет.Бул үчүн республикада бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Жогоруда айтылгандарга таянып,Сизден СССРдин Жогорку Советинин үлуттар Советинин күн тартибине Кыргыз ССРинин курамында Ош автономиялуу советтик социалисттик областын түзүү жана СССРдин жана Кыргыз ССРинин Конституцияларына тийиштүү өзгөртүулөрдү киргизүү маселесин коюушуңузду өтүнөбүз. Биздин бул пикирибизди областтын калкы,өзгөчө Ош,Кызыл-Кыя, шаарларынын,Сузак,Базар-Коргон,Ленин,Араван,Ала-Бука,Кара-Суу,Өзгөн ж.б.райондордун калкы колдойт. Биз бул маселени төмөнтөн жарылуусун күтпөстөн жогортодон чечүүнү акылга сыярлык иш деп эсептейбиз
-
4-июнда башталган жер талаш кандуу кагылышууга айланган.6-июнь күнү Ош шаары толук жабылып,шаарга аскер бөлүктөрү киргизилгенКечинде А.Масалиев эки элди ынтымакка,бир туугандыкка чакырып сөз сүйлөдү,бирок кечигип айтылгандыктан абалды өзгөртө алган жок.Массалык кагылышуулар улана берди. 6-июнда шаарга кошумча күчтөр киргизилип,массалык кагылышуулар токтоду,бирок абал дагы эле курч болгон. 5-июнда Өзгөн шаарынын автобекетиндеги базардагы массалык мушташуулар улуттар аралык кагылышууга айланды.Аскер бөлүктөрү киргизилгенден кийин гана кагылышуулар басаңдады. Оштогу жана Өзгөндөгү мындай абалдар Ош областынын дээрлик башка райондоруна жайылган.7-июнда мындай кырдаал областтын бардык райондорунда жана Өзбекстандын Анжиян областына чектеш райондордо да түзүлгөн. 7-июнда Фрунзе шаарында да өзгөчо абал киргизилди.
-
Ош окуясында: 165 адам өлүп 67 автомашиналар өрттөлдү. 262 турак-үйлөр 845 адам жарадар болуп 24 дүкөн ж.б.курулуштар
-
Ош областындагы болгон кайгылуу окуялар республиканын жетекчилиги үчүн чоң сыноо болду.Эл массасы бийликтен акылдуу чечимдерди күткөн эле,бирок элдин ишеничин актай алган жок,өздөрүнүн нааразычылыктрын ачык эле айта башташты. Кыргызстан КП БКда да,Кыргыз ССР Жогорку Советинде да Ош областындагы окуяларга терең талдоо жүргүзбөстөн, тескерисинче ,аны өздөрүнүн максаттарына пайдаланып,республикадагы демократиялык күчтөрдү жаманатты кылууга аракеттенишкен. А.Масалиев Кыргызстан КПнын XIX съездиндеги докладында демократиялык күчтөр „ ээнбаштыкты уюштуруп,маселени митингдер,курулай кыйкырыктар менен чечүүгө“ аракет кылышкан экстремисттик маанайдагы элементтер катары сүрөттөдү.
-
КЫРГЫЗСТАНДЫН БИРИНЧИ ПРЕЗИДЕНТИН ШАЙЛОО Кыргызстанда президенттик постту киргизүү жөнүндө 1990-ж.апрелиндеги сессияда эле көтөрүлгөн,бирок жетекчилик тарабынан да депутаттар тарабынан да колдоого ээ болгон эмес. Өлкөдөгү саясий кырдаалдын өзгөрүшү,бир катар союздук республикаларда президенттик посттун киргизилиши бизде да бул маселени чечүүнүн зарылдыгын көрсөттү. Ошентип,1990-ж.22-апрелде сессияда Президенттик постту киргизүү боюнча мыйзам кабыл алды. Ушул эле күнү таң эртеңден Фрунзенин 5 жеринде саясий талаптарды коюшуп,ачкачылык жарыялаган адамдардын тобу пайда болду,27-октябрда саны 140 тан ашты. Атайын комиссия түзүлүп,алар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүштү,алар 9 пункттан турган талап коюшту,негизги талап А.Масалиевди кызматтан кетирүү болгон. Ушундай шартта сессия ишин улантып,1-президентти шайлоого киришти.Кандидат катары А.Жумагулов,Ж.Аманбаев.А.Масалиевдин кандидатуралары коюлуп,жетиштүү добуш топтой албай бирөө да өтпөй калды.
-
Экинчи жолу көрсөтүлгөн кандидаттардын ичинен көпчүлүк добушка ээ болуп,Аскар Акаев жеңишке жетишти. Ошентип 1990-ж.27-октябрында Кыргызстандын биринчи президенти альтернативдүү шайланды.
-
МАМЛЕКЕТТИК СУВЕРЕНДҮҮЛҮК ЖӨНҮНДӨ ДЕКЛАРАЦИЯ Мурда улутчулдук катары күнөөлөнүп келген суверендүүлүк,өз алдынчалуулук жөнүндө идеялар айтыла баштады.Прогрессивдүү көз караштагы А.Акаевдин президент болуп келиши бул процессти тездетти. 1915-ж.15-декабрда КРдин Жогорку Советинин үчүнчү сессиясында маанилүү тарыхый документ „Кыргыз республикасынын мамлекетти суверендүүлүгү жөнүндөгү“ декларациясы кабыл алынды. Документ боюнча республиканын мамлекеттик бийлигинин бардык аймагында үстөмдүгү жана тышкы катнаштарда көз каранды эместиги катры мүнөздөлдү. Декларациядагы эң маанилүү бул жобо ,ондогон жылдар бою калыптанган СССРдин мыйзамдарына союздук республикалардын баш ийүүчүлүгүн,союздук борбор менен республикалардын ортосундагы мамилелердеги теңсиздикти жок кылууга багытталган. Декларацияда „Республика ... башка мамлекеттер менен түз мамилелерди ишке ашырат,алар менен келишим түзөт,дипломатиялык, консулдук,соода, өкүлчүлүктөрүн алмашат, эларалык уюмдардын ишмердигине катышат“- деп белгилеген.
-
ӨКМӨТТҮН ЭКОНОМИКАЛЫК САЯСАТЫ 1990-ж.аягына чейин Кыргызстандын экономикалык саясатын толук борбор башкарып келген.Мындай абалдан чыгуу үчүн көп аракеттер талап кылынды.Чыныгы суверендүулүккө жетиш үчүн экономиканын негиздерин түзүү керек болгон.1986-90-жж.экономика чөйрөсүндөгү кайра куруулар жакшы натыйжа берген жок. Ушуга байаныштуу рынок экономикасына өтүүнүн зарылдыгы келип чыкты. 1990-ж.октябрда бул максатта атайын программа кабыл алынды.Президент экономиканы реформалоо боюнча чечкиндүу кадамдарды жасады.1991-ж.менчиктештирүүнүн,рынок экономикасына өтүунүн укутук кепилдерин камсыз кылуучу маанилүү указдарды чыгарды. Экономиканы турукташтыруу боюнча Президенттин жана Өкмөттүн бардык аракеттери өндүрүшчүлөр тарабынан активдүү колдоого ээ боло албады,жергиликтүү бийлик органдарынын максатка умтулган жана системалуу иш-аракеттери менен бекемделген жок. Экономикад терең кризисте гана болбостон,о.э.тездик менен төмөндөй баштады.1991-ж.өнөр жай родукциясын чыгаруу ну көлөмү 4,8%,эмгек өндүрүмдүүлүгү 11,3 % төмөндөдү.
-
1991-ж.17-мартындагы РЕФЕРЕНДУМ СССРдин андан ары жашашын,анын курамындагы элдердин ,республикалардын жана жалпы Союздун укуктарын камсыз кылууга жөндөмдүү жаңы мамлекеттик реформаларды иштеп чыгуу зарыл болду.Союздук келишимди иштеп чыгууда ар кандай көз караштар болду. Орто Азия республикалары жана Азербайжан-федерацияны,Россия,Украина,Белоруссия-конфедерацияны,Балтика боюндагы республикалар жана Грузия –СССРдин курамынан чыгууну жакташты.
-
1991-ж.17- мартта СССРди сактап калуу боюнча референдум өткөрүү белгиленди. КПСС жана республикалык партиялык уюмдар жаңыланган федерация үчүн үгүт иштерин жандандырышты. Кыргызстандын аймагында бүткүл союздук референдумду өткөрүү чечими колдоого алынды. Референдумдун алдында союздук келишимдин жаңы долбоору жарыяланып,анда союздук республикалардын укуктарын бир кыйла кеңейтүү каралган.Бирок СССР элдеринин өз тагдырын өзүү чечүү маселесинде өтө маанилүү өзгөрүүлөр болгон жок.
-
Референдумга республикада жашаган калктын 92,8 % катышып, 94,6% жаңыланган федерацияны жактап добуш беришти Коомдук сурамжылоого 81,6% калк катышып, Алардын 62 % жактап добуш беришти Референдумга 9 союздун республикалары: РСФСР Украина, Белоруссия, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан, Кыргызстан, Тажикстан. Түркмөнстан катышып,союзду сактап калууга добуш берген. Ал эми 6 республика : Эстония, Латвия, Литва, Грузия, Армения, Молдова референдумга катышкан жок.
-
АВГУСТ ОКУЯЛАРЫ.1991-ж.19-август ГКЧП. 1991-ж.19-августта СССРде антиконституциялык төңкөрүш болуп өттү,аларды борборго баш ийген аскердик өнөр жай комплекси,армия,МКК, жана ички иштер органдары колдоого алган.Мамлекеттик төңкөрүштү жасаган адамдар тарабынан ГКЧП ( өзгөчө абал боюнча мамлекеттик Комитет)түзүлдү. 20-августта союздук келишимге кол коюу болмок.Ал келишим боюнча СССРдин унитардык мүнөзү сакталып калганына карабастан, борбордун көп укуктары союздук республикаларга өтмөк.Андан кийин ГКЧП сыяктуу орган түзүүгө мүмүн болбой калмак.Кыргызстанда да бул төңкөрүштү колдогондор катары Кыргызстан КП БКи,аскер бөлүктөрү,МКК да ошол тарапта болушкан. Ал эми Кыргыз ССР Жогорку Советинин төрагасы М.Шеримкулов төңкөрүшчүлөрдү кескин айыптады.КДК да ал кыймылды сынга алып,колдогон эмес.
-
ГКЧПнын бардык иш –аракеттеринен өлкөдөгү демократиялык процесстерди токтотуу,акимчил-буйрукчул, тоталитардык системаны сактап калуу,союздук келишимди кайра карап чыгуу жана СССРдин унитардык мүнөзүн сактап калуу максатын көздөгөнүн көрсөттү.Бул ишке ашса анда Кыргызстан да мурдагыдай укуктары чектелген,суверендүүлүк жөнүндөгү декларация ишке ашпай калмак. Ушундай кырдаалда 1991-ж.19-августта КРдин президенти элге кайрылып,бейкуттукту сактоого,акыл-эстүүлүккө жана кеменгерликке,биримдикке жана баш кошкондукка,СССРдин жана КРдин мыйзамдарын сактоого чакырды. 1991-ж21-августта бардык аскердик бөлүктөр президенттин уруксатысыз ордунан башка жакка жылууга тыюу салынды.ГКЧП Россияда да Ельциндин жетекчилиги менен ишке ашпай калды.
-
КЫРГЫЗСТАНДЫН КӨЗ КАРАНДЫ ЭМЕСТИГИНИН ЖАРЫЯЛАНЫШЫ Антиконституциялык төңкөрүш ишке ашпай калгандан кийин өлкөдө кескин өзгөрүүлөр башталды.Массалардын коомдук аң-сезими жана саясий жетилгендиги болуп көрбөгөндөй өстү.СССРдин унитардык мамлекет катары кыйрашы тездеди. 1991-ж.31-августта Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин сессиясы тарыхый документти-Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгы жөнүндө Декларациясын кабыл алды. Декларация Кыргыз республикасын-көз карандысыз,суверендүү демократиялык мамлекет деп салтанаттуу жарыялады. КРдин аймагы бүтүн жана бөлүнгүс,анда республиканын Конституциясы гана колдонулат,ал өзүнүн эл аралык укуктун жалпыга таанылган принциптерин колдой тургандыгын билдирди. Ошентип дүйнөнүн картасында жаңы,көз каранды эмес мамлекет—Кыргыз Республикасы пайда болду.
-
1991-ж.20-октябрда Президенттин Указы менен Мамлекеттик Коопсуздук Комитети жоюлуп,анын ордуна Улуттук Коопсуздук боюнча Мамлекеттик Комитети түзүлдү. Ал эми 1991-ж.3-декабрда Кыргыз Республикасынын Улуттук Гвардиясы,декабрдын аягында ички иштер аскерлери түзүлдү.
-
1991-ж.12-октябрда эгемендүү Кыргыз Республикасынын биринчи Президентин жалпы элдик добуш берүү менен шайлоо болду. Натыйжада шайлоочулардын 89,03% катышып,алардын 95,3% А.Акаев үчүн добуш беришти. Ошентип , эгемендүү Кыргызстандын биринчи Президенти катары тарыхта калды.
-
МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛДОР: Кыргыз Республикасынын Туусу 1992-ж.3-мартта кабыл алынган. Кыргыз Республикасынын Герби 1994-ж. 14-январда кабыл алынган. Кыргыз Рес Кыргыз Республикасынын Гимни 1992-ж. 18-декабрда кабыл алынды.
-
СССРДИН КУЛАШЫ ЖАНА КМШНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ Төңкөрүштүн ишке ашпай калуусу менен Союздун бузулуу процесси ылдамдады.Союздук республикалр өздөрүнүн көз каранды эместигин жарыялап,улуттук гвардия, жана аскер бөлүктөрүн түзүүнү ,согуштук өнөр жай ишканаларын көзөмөлдөөнү башташты. 1991-ж.9-сентябрда СССР Литванын,Латвиянын жана Эстониянын көз каранды эместигин тааныды.Бир нече күндөн кийин алар БУУнун мүчөлөрү болуп калды.СССРдин курамында 12 республика калды. 1991-ж.14-ноябрында Ново-Огарёво шаарында 7 республика: Россия,Белоруссия,Казакстан,Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан,Азербайжан жаңы мамлекеттер аралык бирикмени –Суверендүү мамлекеттердин Союзун түзүүгө ниеттенгендигин билдиришти.Бирок бул келишим иш жүзүндө аткарылган жок.
-
СССРДИН КУЛАШЫ ЖАНА КМШНЫН ТҮЗҮЛҮШҮ Декабрда абал кескин өзгөрдү. 1991-ж.1-декабрында Украинада референдумда Украинанын 90% ашыгы көз карандысыздык үчүн добуш беришти. 7-8- декабрда Брест шаарынын Беловежья Пуща токоюнда Россиянын президенти Б.Ельцин,Беларуссия Жогорку Советинин төрагасы С.Шушкевич,Украинанын президенти Л.Кравчук жолугушуп,СССР жашоосун токтотту деп билдиришти. КМШны түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшту.Борбордук Азиянын жетекчилери Ашхабадда КМШга кошулууга ниеттенгендиктерин билдиришти.
-
1991-ж.21-декабрда мурдагы СССРдин курамына кирген11 мамлекеттин: (Азербайжан,Армения,Беларуссия,Казакстан.Кыргызстан,Молдава, Россия,Тажикстан,Украина,Өзбекстан,Түркмөнстан) жетекчилери Аматыда жолугушуп,КМШны түзүү жөнүндөгү келишимге кол коюшуп,Алматы Декларациясын кабыл влышкан. КМШнын түзүлүшү менен СССР өзүнүн жашоосун токтотот деп билдирди. 25-декабрда М.С.Горбачёв СССРдин жоюлгандыгына байланыштуу СССРдин Президентинин милдетин аткарууну токтоткондугун билдирди. Ошентип,унитардык мамлекет катары жашап келген СССР эч кандай кан төгүүсүз,жаңжалсыз,тынчтык жол менен жоюлуп,анын ордуна Көз Каранды эмес Мамлекеттердин Шериктештиги түзүлдү.
-
Бышыктоо үчүн суроолор: Хронологиялык ирээтке келтир: 1 .1990-ж.Ош облусундагы окуяларды ирээтке келтир: 1.Фрунзе шаарында өзгөчө абалды киргизүү 2.Өзгөн шаарындагы массалык мушташуулар 3.Жер участкаларынын айланасындагы талаш 4.Ошко кошумча күчтөрдүн киргизилиши Жооп 2.Саясий окуяларды хронологиялык ирээтке келтир: 1.А.Акаевдин президент болуп шайланышы 2.Өлкөдө президенттик постту киргизүү 3.КРнын суверинитеттүүлүгү жөнүндөгү декларация 4.СССРди сактап калуу боюнча референдум Жооп:
-
Бышыктоо үчүн суроолор: Хронологиялык ирээтке келтир: 1 .1990-ж.Ош облусундагы окуяларды ирээтке келтир: 1.Фрунзе шаарында өзгөчө абалды киргизүү 2.Өзгөн шаарындагы массалык мушташуулар 3.Жер участкаларынын айланасындагы талаш 4.Ошко кошумча күчтөрдүн киргизилиши Жооп: 3,2,4,1 2.Саясий окуяларды хронологиялык ирээтке келтир: 1.А.Акаевдин президент болуп шайланышы 2.Өлкөдө президенттик постту киргизүү 3.КРнын суверинитеттүүлүгү жөнүндөгү декларация 4.СССРди сактап калуу боюнча референдум Жооп:2,1,3,4
-
3.1991-ж.окуяларды хронологиялык ирээтке келтир: 1.КРнын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация 2.М.С.Горбачёв Президенттик милдетин аткаргандыгын токтоткон 3.Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин түзүлүшү 4.А.Акаевдин эл тарабынан Президент болуп шайланышы Жооп: 4.Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыгын жана толук эркиндигин жарыялаган Декларациясын..................................... кабыл алган а) 1999-ж.март б)1991-ж.август в)1986-ж.май г) 1995-ж.октябрь
-
3.1991-жж.окуяларды хронологиялык ирээтке келтир: 1.КРнын көз карандысыздыгы жөнүндө декларация 2.М.С.Горбачёв Президенттик милдетин аткаргандыгын токтоткон 3.Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин түзүлүшү 4.А.Акаевдин эл тарабынан Президент болуп шайланышы Жооп:1,4,3,2 4.Кыргызстан мамлекеттик көз карандысыздыгын жана толук эркиндигин жарыялаган Декларациясын..................................... кабыл алган а) 1999-ж.март б)1991-ж.август в)1986-ж.май г) 1995-ж.октябрь
-
1.Ош каргашалуу окуясынын чыгышынын себептери кайсылар? Ал республикадагы коомдук –саясий турмушка кандай таасир тийгизген? 2.Президенттик пост качан киргизилди жана анын алгачкы жыйынтыктары кандай болгон? 3.КРнын мамлекеттик суверендүүлүгү жөнүндөгү Декларация качан кабыл алынды жана анын негизги жоболору кандай болгон? 4.1991-ж.17-мартындагы референдумду өткөрүү эмне менен шартталган? 5.1991-ж.19-августундагы ГКЧПнын ишке ашпай калышынын себептери эмнеде болгон? 6.Кыргызстандын Көз карандысыздыгы жөнүндөгү Декларация качан кабыл алынды жана анын тарыхый мааниси эмнеде? 7.СССР качан жана кандай шартта жашоосун токтотту? ТЕМА БОЮНЧА СУРООЛОР:
-
КӨҢҮЛ БУРГАНЫҢЫЗДАР ҮЧҮН РАХМАТ!
Нет комментариев для данной презентации
Помогите другим пользователям — будьте первым, кто поделится своим мнением об этой презентации.