Презентация на тему ""

Презентация:
Включить эффекты
1 из 14
Ваша оценка презентации
Оцените презентацию по шкале от 1 до 5 баллов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
0.0
0 оценок

Комментарии

Нет комментариев для данной презентации

Помогите другим пользователям — будьте первым, кто поделится своим мнением об этой презентации.


Добавить свой комментарий

Аннотация к презентации

Посмотреть и скачать бесплатно презентацию по теме "", состоящую из 14 слайдов. Размер файла 4.22 Мб. Каталог презентаций, школьных уроков, студентов, а также для детей и их родителей.

  • Формат
    pptx (powerpoint)
  • Количество слайдов
    14
  • Слова
    другое
  • Конспект
    Отсутствует

Содержание

  • Презентация:
    Слайд 1

    ТЕМА:§ 18. Экинчи дүйнөлүк согуш Дүйнө тарыхы. 9-класс.

  • Слайд 2

    Сабактын планы: 1.Согуштун себептери.Германиянын Польшага кол салышы 2.Согуштук аракеттер жана алардын этаптары. 3.Балкандагы согуштук аракеттер 4.Германиянын жана анын союздаштарынын СССРге басып кириши. 5.Тынч океандагы жана Чыгыш Азиядагы согуштардын башкы окуялары. 6.Оккупацияланган аймактардагы улутчулдук «жаңы тартип».Басылып алынган аймактардагы Каршылык көрсөтүү кыймылдары.

  • Слайд 3

    Согуштун себептери 1930-ж.аягында улуу дөөлөттөрдүн ортосундагы согуш коркунучу улам барган сайын күчөп,экономикалык,аймактык жана саясий маселелердеги каршылыктар экинчи дүйнөлүк согуштун башталышына себеп болгон.

  • Слайд 4

    Биринчиден: «дүйнолүк революция» теориясын жана Коминтерндин чет өлкөлөрдөгү революциялык иштерин колдоп келе жаткан коммунисттик бийлик катары СССР Батышта олуттуу чочулоо жаратып,каршылыктарга учурап турган. Экинчиден: Европанын башкаруучу чөйрөлөрүндө Россия жөнүндө коркунучтуу пикир пайда болгон. Согуштун башкы себеби «уюк» мамлекеттердин Германиянын,Италиянын,Япониянын жана алардын союздаштарынын Версаль-Вашингтон системасын кайра караштыруу,ошол кездеги калыптанган эл аралык абалды жокко чыгаруу жана дүйнөнүн картасын толугу менен өзгөртүү болуп эсептелинген. 1939-ж.1-сентябрда Германия армиясы эч кандай согуш жарыялабастан эле Польшага басып кирди. 3-сентябрда Англия менен Франция Польшанын алдындагы убадаларын аткаруу үчүн Германияга согуш жарыялашты.Польша менен болгон согуш бир айга да жеткен жок,айыгышкан күрөштөргө карабай аскердик-техникалык үстөмдүгү менен каратып алды.Польша мамлекет катары жоюлуп,анын өкмөтү эмиграцияга кетип,Лондонго жайгашты.

  • Слайд 5

    Согуштук аракеттер жана алардын этаптары Фррдддддддрр Франция жеңилгенден кийин улуу Британия Германия менен Италияга күрөштү улантып жаткан жалгыз өлкө болгон. 1940-ж.Уинстон Черчилль башкарган Англия өкмөтү Германияга багынып берүүдөн баш тарткан. Ал эми немистер «деңиз арстаны» планы менен деңиз аркылуу кол салып Англияны талкалайм деп ойлогону ийгиликсиз аяктады. Улуу Британияга АКШ жардам берип жатты.1941-ж. мартта АКШнын президенти Ф.Рузвельт ленд-лиз жөнүндө мыйзам кабыл алды,б.а. АКШ өзү үчүн пайдалуу өлкөлөргө курал-жарак жана жабдууларды карызга же ижарага берип турган. 1940-ж.италиялык аскерлер Англиянын колониясы Сомалиге жана Египетте жайгашкан англиялык аскерлерге чабуулга өтүшкөн. 1941-ж.англдар кошумча күч алып келип,италиялыктарды кууп чыгышкан. Сырттан караганда СССР менен достук мамилелерди сактамыш болгону менен,ага карата кол салуунун планын иштеп чыгып,Италия жана Япония менен байланыштарын чыңдай баштаган. 1940-ж,27 –сентябрда Германия,Италия жана Япония Үчтүктөр союзуна кол коюшту.Бул план дүйнөнү кайра бөлүштүрүү планы болгон. Кийинчерээк бул союзга Румыния,Венгрия,Болгария кошулуп,алардын аймактарына немистик аскерлер жайгаштырылган.

  • Слайд 6

    лллл Балкандагы согуштук аракеттер 1940-ж.28-октябрда фашисттик Италия Германияга эскертпестен эле Грецияга кол салган.Италиялыктар тез эле жеңишке жетишүүнү көздөшкөн,бирок грек аскерлеринин катуу каршылык көрсөтүүсүнө кабылышкан.Мусоллинин өкмөтү Германиядан жардам сурап,тез эле техникалык жактан артыкчылыкка ээ болгон немистер Греция менен Югославиянын эркин тез эле майтарышкан. 1941-ж.ортосуна чейин Европа мамлекеттеринин көпчүлүк бөлүгү Германия жана Италия тарабынан оккупацияланып,Швейцария жана Швеция гана бейтарап өлкөнүн катарында калышкан.Германия тараптан болгон мындай «кең пейилдүүлүк» стратегиялык жана каржылык кызыкчылыктары менен ,б.а.швейцариялык каржылык борборду бузууну жана Европанын түндүгүндө күчүн бытыранды кылууну каалабагандыгы менен түшүндүрүлгөн. Грек жоокерлери .1940-ж-октябрь

  • Слайд 7

    Бухенвальддын туткундары Германиянын СССРге кол салуусу ьь СССРге каршы согуш Германия үчүн чоң мааниге ээ болгон,анын максаты Чыгышта өз аймагын кеңейтүү жана большевиктердин бийлигин жок кылуу болгон,түзүлгөн баардык келишимдерди убактылуу деп эсептеген. 1941-ж.СССРге кол салууга даярданып, «Барбаросс» планын иштеп чыккан,ага ылайык тез арада эле талкалап салууну көздөгөн. Польшада атайын эле өлүм лагерлерин курушуп, «ылайыксыз калк» үчүн ,биринчи кезекте славяндар жана еврейлер үчүн багытташкан.Натыйжада бул лагерлерде (Освенцим,Майданек.Бухенвальд,Треблинка ж.б. 11млн адамдар жок кылынган. 1941-ж.22-июнда таңкы саат 3төн 30 минута өткөндө фашисттик аскерлер согуш жарыялабастан СССРдин аймагына кирип келишкен. Ошентип Улуу Ата Мекендик согуш башталган. СССРге каршы согушка Германия менен бирдикте Румыния,Венгрия,Финляндия,Италия,Словакия жана Хорватия катышкан.190 дивизия кирип,анын 37 Германиянын союздаштарына тиешелүү болгон.

  • Слайд 8

    ьььььтттттттттт Германиянын СССРГе кол салуусу эң оор абалга туш келген.Анткени советтик танктар жана самолёттор эскирип бүткөн,согуштук жөндөмдүүлүктү ошол мезгилдеги 40 миң аскердин репрессияга дуушар болушу алсыраткан.Сталин Гитлердин ишендирүүсүнө да ынанып,Германия эки фронтто согушпайт деп эсептеген. Ошондуктан согуштун башталуусу күтүүсүз болгон.Согуш башталган күндөрдө немистик авиация абадан кол салуу менен советтик аэродромдордогу авиацияны ордунан козголтпостон талкалаган. 1941-ж.кышында немис аскерлери Балтика боюн.Молдавияны,Украинаны,Беларуссияны ээлеп,Ленинградды блокадага алып,Москвага жакындап кирип келишкен. Москванын алдында советтик жоокерлер чоң жоготууларга учурап,согуштун жүрүшүндө алгачкы жолу эң ири чабуулга өтүшүп,душман Москвадан 100-250 кмге созулган. 1942-ж.Чыгыш фронтунда немистер чабуулду башташып,Крымды жана Харьковдун жанында Кызыл Армия жеңилүүгө дуушар болушкан. 1942-ж. ортосунда Сталинградга чыгышып,ушул жерде алардын чабуулу токтотулган. Сталинград салгылашуусунда. 1942-ж.

  • Слайд 9

    1-этап 2-этап 3-этап 1939-ж.1-сентябрынандд Германиянын жана анын союздаштарынын СССРге кол салуусунан 1942-ж.чейинки мезгилди бириктирет. Сталинграддын алдындагы салгылашууда немис аскерлеринин сүрүлө башташы жана англия-америкалык аскерлердин аракеттери Японияны Тынч океанда коргонуу тактикасына өтүүгө мажбурлаган. 1939-ж.1-сентябрынан (Германиянын Польшага кол салуусунан) 1941-ж.июнуна чейинки (СССРге каршы агрессиянын башталышы) убакытты камтыйт. 1942-ж.аягынан 1943-ж. аягына чейинки окуяларды кучагына камтыйт.Бул этап советтик аскерлердин Сталинграддын алдындагы каршы чабуулу менен ачылып,1943-ж.Антигитлердик коалициянын пайдасына ооп,Сицилиядагы англиялык-америкалык операция ийгиликтүү аяктаган. 1944-ж.—1945-ж.2-сентябры менен белгиленет (баскынчыылардан СССРди ,Чыгыш Европа өлкөлөрүн боштондукка чыгаруу,Япониянын багынышы). 4-этап

  • Слайд 10

    Тынч океандагы жана Чыгыш Азиядагы согуштардын башкы окуялары. Ыраакы Чыгышта да кан төгүлгөн согуштар болуп жаткан.1941-ж.2-июлда Япониянын жетекчилери «түштүктү көздөй жылууну» негизги милдети катары аныктаган чечим кабыл алган.Япониянын биринчи максаты АКШ флотунун негизги күчтөрү жайгашкан Тынч океандагы Гавай аралдарынын Пёрл-Харбор булуңундагы флотту жок кылуу эле. 1941-ж.7-декабрда жашыруун жакындап ,япон кемелеринин 6 авианосец кирген ири эскадрасы америкалык кемелерге кыйратуучу сокку урган,ошол эле учурда АКШ менен Англиянын Филиппин жана Малайзияда жайгашкан согуш-деңиз базаларына кол салган.Япония коптөгөн жерлерди Индонезияны,Тайландды,Бирманы басып алган. 1942-ж.май айларында Азиядагы ири өлкөлөр Филиппин,Тайланд,Бирма,Малайзия,Индонезия Япониянын карамагына өткөн,батышта Индияга,түштүктө Австралияга жакындаган. 1942-ж.июнда АКШ жана Англия Япониянын алга жылуусун токтото алышты. Пёрл-Харбор. 07.12.1941-ж.

  • Слайд 11

    Гитлерге каршы коалиция Германиянын жана анын союздаштарынын СССРге,Японияга,АКШ менен Улуу Британияга кол салышы фашисттик агрессорлорго каршы күрөшүү үчүн бирдиктүү коалиция түзүүгө алып келген. 1941-ж.августта Канаданын Атлантика жээгинде Черчилль менен Рузвельт жолугушуп,Атлантика деп аталган хартияга кол коюшкан.Хартия боюнча Америка менен Улуу Британия «аймактык ж.б.басып алууларга умтулушпайт,бардык элдердин өзүнө жаккан башкарууну тандап алуу укугун коргойт.Улутчул зомбулук жоюлгандан кийин тынчтык орнотууну көздөйт» деп билдиришкен. СССР да бул хартияга кошулган. 1941-ж.12-июлда Германияга каршы биргелешип согуш аракеттерин жүргүзүү үчүн англиялык –советтик макулдашууга кол коюлган. Рузвельт болсо ленд-лиз мыйзамына ылайык СССРге курал-жарактардан жана жабдуулардан жөнөтүп турган. 1942-ж.26-майда Лондондо Германияга каршы согушта кызматташуу жөнүндө 20 жылдык мөөнөткө англиялык-советтик келишим түзүлгөн. 1942-ж.11-июнда Вашингтондо өз ара жардамдашуу боюнча советтик-америкалык келишимге кол коюлган. Ошентип үч дөөлөттүн—СССРдин,АКШнын,Улуу Британиянын аскердик-саясий союзу түзүлгөн. Атлантика хартиясы.1941-ж август Антигитлердик коалиция.1942-ж

  • Слайд 12

    Оккупацияланган аймактардагы улутчулдук «жаңы тартип». Рузвельт менен Черчилль Совет бийлигин жек көрүп,анын башка аймактарга тарап кетишинен чочулап турса да,СССР менен сөзсүз союздаш болуу керек деген чечимге келишкен.Бирок,антигитлердик коалицияга кирген мамлекеттердин ортосунда согуштан кийинки пландары боюнча карама-каршы көз караштары бар эле.Ошондуктан экинчи фронтту ачуу маселеси кечеңдеп келген. 1941-ж. жайында Германия жана Италия көптөгөн мамлекеттерди б.а. Европалык 12 өлкөнү басып алып,өз бийликтерин орнотушкан.Басып алган жерлерде фашисттик тартиптерди киргизишип,аны «жаңы тартип»д.а. Бул аталган тартип боюнча демократиялык эркиндиктерди жоюп,саясий партияларды жана профсоюздарды таратып,демонстрацияларга жана иш таштоолорго тыюу салынган.Польшадагы концлагерлер өлүм фабрикаларына айланган.Миллиондогон адамдарды өлтүрүү жана еврей маселесин биротоло чечүү үчүн «Холокост» программасы кабыл алынган. «Жаңы тартип» менен күрөшүүдө Европанын бардык өлкөлөрүндө патриоттук жана антифашисттик Каршылык көрсөтүү кыймылы,партизандык отряддар пайда болгон.Алардын катарында түрдүү саясий жана диний көз караштагы адамдар,коммунисттер социал-демократтар протестанттар,католиктер,профсоюздардын мүчөлөрү жана партияга мүчө эместер да катышкан.

  • Слайд 13

    Тапшырма үчүн суроолор: 1.Экинчи дүйнөлүк согуштун алдындагы мамлекттердин тышкы саясаттагы кызыкчылыктары жана аракеттери кандай болгон? Экинчи дүйнөлүк согуштун чыгышынын себептери жана кандайча башталган? 3.Согуштун башталышында ,б.а.алгачкы этабындагерманиялык аскердердин ийгиликтерин эмне менен түшүндүрүүгө болот? 4.Улуу Ата Мекендик согуш кандайча башталды жана ага карата Германиянын жана анын союздаштарынын пландары кандай болгон? 5.Япония кантип жана эмне үчүн согушка кирген? 6.Антифашисттик коалицияга кайсы мамлекеттер киришкен жана алардын ортосунда кандай келишпестиктер болгон?

  • Слайд 14

    Көңүл бурганыңыздар үчүн рахмат!

Посмотреть все слайды

Сообщить об ошибке