Презентация на тему ""

Презентация:
Включить эффекты
1 из 17
Ваша оценка презентации
Оцените презентацию по шкале от 1 до 5 баллов
  • 1
  • 2
  • 3
  • 4
  • 5
0.0
0 оценок

Комментарии

Нет комментариев для данной презентации

Помогите другим пользователям — будьте первым, кто поделится своим мнением об этой презентации.


Добавить свой комментарий

Аннотация к презентации

Презентация powerpoint на тему "". Содержит 17 слайдов. Скачать файл 2.67 Мб. Самая большая база качественных презентаций. Смотрите онлайн с анимацией или скачивайте на компьютер.

  • Формат
    pptx (powerpoint)
  • Количество слайдов
    17
  • Слова
    другое
  • Конспект
    Отсутствует

Содержание

  • Презентация:
    Слайд 1

    § 28. „Азия ажыдаарлары“ өлкөлөрү Дүйнө тарыхы. 9-класс

  • Слайд 2

    Сабактын планы: 1.Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү модерндешүүнүн өзгөчөлүктөрү 2.Кореянын бөлүнүүсү. Түштүк Кореяны Ли Сын Мандын башкаруусу. 3.ХХ к.экинчи жарымындагы Түштүк Кореядагы саясий абал 4.Тайвань 5.Гонконг (Сянган) 6.Сингапур

  • Слайд 3

    Адддд

    Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндөгү модерндешүүнүн өзгөчөлүктөрү Азия ажыдаарлары деп эсептелген 4 өлкө:--Түштүк Корея,Тайвань ,Сингапур жана Гонконгдун өнүгүүсү өнүгүү жолундагы өлкөлөр үчүн өрнөк болуп саналат.Сингапур менен Гонконг экинчи дүйнөлүк согушка чейин эл аралык соода жолунун кесилишинде жайгашкандыктан эң ири соода борбору болуп эсептелинген.Бул шаар мамлекеттерде өнүккөн порттор жана бизнес индустриясы жана көңүл ачуу жайлары эзелтен эле өнүгүп келген. Түштүк Корея Тайвань Сингапур Гонконг

  • Слайд 4

    Согуштан кийинки жылдарда жеңил өнөр жайына коңшу өлкөлөрдөн жеңил жумушчу күчүн тартуу менен ,даяр тетиктерден продукцияларды жыйнап,эң жогорку технологиялык буюмдарды чыгаруучу ишканалар пайда болду. Мисалы:Телевизорлордун тетиктери Японияда өндүрүлөт,Гонконгдо жыйнап чыгарышат. Түштүк Корея менен Тайванда да өнүгүү өзгөчө шарттарда жүргөн. 1950-1953-жж. Кореядагы согуш аяктагандан кийин Түштүк Кореяга жана Тайванга АКШнын аскерлери жайгашкан,алар ички ишине аралашпай, ички туруктуулук үчүн кепилдик ролун аткарышкан. Бул өлкөлөрдө жумуш жумасынын узактыгы 54 саатты түзүп,профсоюздардын ишине жана иш таштоолорго тыюу салынган. АКШ,Япониядан капиталдын тынымсыз келип туруусу абалды жеңилдеткен.Модерндешүүнүн натыйжасында улуттук корпорациялар өнүгүп,рынокко текстиль жана жеңил өнөр жай продукцияларын гана эмес,автомобилдерди,компьютерлерди,турмуш-тиричиликке керектелүүчү электрониканы сата башташкан. Түштүк Корея менен Тайвань өндүрүштүн жана калктын турмуш деңгээли боюнча дүйнөдөгү өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кирет.

  • Слайд 5

    Кореянын бөлүнүшү Сеул Пхеньян 1945-ж.июлдагы Потсдам конференциясында эле союздаштар Япониянын багынышы жана Кореянын көз карандысыздыгын калыбына келтирүү жөнүндө макулдашышкан.Корея жарым аралында советтик жана америкалык аскерлердин согуштук аракеттерин шарттуу түрдө 38 параллель боюнча бөлгөн сызык убактылуу деп эсептелген. 1945-ж.декабрда Москвада СССР менен АКШнын ортосунда өткөн кеңешмеде пикир келишпестиктер байкалган.АКШ Кореяны БУУнун атынан (АКШ,Англия,Кытай жана СССРдин өкүлдөрүнөн турган) он жылга камкордукка алууну сунуш кылса,СССР камкордуктун мөөнөтүн беш жылга кыскартып,Убактылуу Корея демократиялык Республикасын түзүүнү сунуштаган.

  • Слайд 6

    АКШ менен СССРдин ортосундагы пикир келишпестиктер,өз таасирлерин сактаган эки мамлекеттин түзүлүшүнө алып келди.Америкалык администрациясынын таасиринде түзүлгөн мамлекет Корея Республикасы аталып,борбору Сеул болуп,президенттигине АКШдагы саясий эмигрант Ли Сын Ман шайланды. Түндүктө америкалыктарга жооп кылып,1948-ж.августта Корея Элдик Демократиялык Республикасы жарыяланган,борбору –Пхеньян шаары аталды. Бир эле мамлекеттин экиге бөлүнүп калышы чыр-чатактардын аймагына айланды,ал тургай Түштүк Кореянын президенти Ли Сын Ман басып алуу жолу менен Кореяны бириктирем деп жарыялаган. 1950-ж.25-июндаТүштүк менен Түндүк Кореянын ортосунда куралдуу жаңжал башталган. АКШ согуштук аракеттерге кийлигишкен.Корейлердин жаңжалы эл аралык мүнөзгө ээ болуп,БУУнун желегинин алдында АКШ менен Түштүк Кореядан башка 15 мамлекет катышкан.Согуш 3 жылга созулуп,адам саны жана техника жагынан чоң жоготууларга учурап, 1953-ж.27-июлда жарашуу келишимине кол койгон.Ошентип социалисттик жана капиталисттик эки лагердин ортосундагы кагылышуу аяктап,бирок Корея жарым аралынын аймагында кытайлык жана америкалык аскерлер кала беришкен.

  • Слайд 7

    Жерди 900 миң дыйкан чарбалары алышкан.Капиталисттик ишкерлер чөйрөсүнө помещиктердин капиталын жана байгер дыйкандарды тартуу жолго коюлган.Бирок жалпысынан өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү төмөндөп,жумушсуздук күч алып,инфляция өскөн,айыл чарбасы калкты азык-түлүк менен камсыз кылган эмес. 1955-ж.саясатка нааразылыктар курчуган кезде бир нече партиялар пайда болуп,алардын негизги максаты президенттик шайлоого катышуу болгон. 1958-ж.Ли Сын Ман Минчжудан партиясынан башка партияларды тараткан.1960-ж.мартта Сеулда президенттиктик шайлоодон кийин элдин чыдамы кетип жапырт демонстрацияга чыгышкан. Ал элге ок аткан,аскерлердин бир бөлүгү эл тарапка өтүп кетип,шаар көтөрүлүшчүлөрдүн колунда калган.Ли Сын Ман 27-апрелде арызын жазып,өлкөнү таштап чыгып кеткен.Бул Кореянын тарыхында „апрель революциясы“ деген ат менен калган. Ли Сын Ман 1961-ж.чейин өлкөнү башкарган,ал башкарган жылдарда негизги ролду америкалыктар ойношкон. 1954-ж.ноябрда кабыл алынган мыйзамга ылайык өзүнө чексиз укуктарды ыйгарып, премьер-министрдин айрым укуктарын чектеген. 1950-ж.жер реформасын жүргүзө баштап,помещиктердин ашыкча жерлери сатылып алынып ,дыйкандарга берилген.

  • Слайд 8

    ХХ к.экинчи жарымындагы Түштүк Кореядагы саясий абал жана модерндешүү процесси Ли Сын Мандан кийин авторитардык бийликти жана модерндешүүнү колдогон-Пак Чон Хи (1961-1979),Чон Ду Хван (1987-ж.баштап),Ро Дэ У ж.б.улантып ,бийлик жүргүзүшкөн. Диктатордук бийлик 80-жж. аягына чейин жашаган. 1990-ж.баштап,парламенттик демократиялык бийликтин нормалары жана адам укугу менен эркиндиги калыбына келе баштаган.Көп партиялуу система түзүлгөн. 1995-ж.Ким Ён Сам президент болуп калган. Кийинки президент Ким Дэ Чжун Түндүк Кореянын башкаруучусу Ким Чен Ир менен 2000-ж. жолугушуу жөнүндө демилге көтөргөн. Түштүк Кореяда негизги көңүл агрардык секторго бөлүнгөн.Дыйкандарга төмөнкү пайыз менен кредит берип,алуу жолдорун жеңилдетип,дыйкандардын карыздарынын бир бөлүгүн төлөөнү өз мойнуна алган. Ким Ён Сам Ким Дэ Чжун

  • Слайд 9

    Корея республикасынын Япония менен болгон мамилелеринин оңолушу экономикалык жактан маанилүү окуя болгон.1965-ж Токио Сеулга согушта тарткан чыгымды компенсациялоо үчүн ири суммадагы жардам жана жеңилдетилген кредиттерди берген. Мамлекеттик каражаттын эсебинен электроника,электр техникасын ,өнөр жай жабдууларын чыгара турган ишканалар курулган Түштүк Корея жүк ташуучу чоң кемелерди, куралдарды,автомобилдерди жана электр техникаларын экспортко чыгаруу боюнча Азияда Япониядан кийинки экинчи орунга чыкты.Жан башына өндүрүлгөн киреше 14 миң АКШ долларын түзөт.Түштүк Кореянын 11 фирмасы дүйнөнүн алдыңкы 500 корпорациясынын тизмесине кирген.Негизги соода өнөктөштөрү –АКШ,Япония,Кытай,АСЕАН жана Европа Союзуна кирген өлкөлөр. 2000-ж.13-июнда Ким Дэ Чжун Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ир менен жолугушуусу болуп өтту.

  • Слайд 10

    Тайвань калкынын саны 21,8 млнго жетип,калкынын жыштыгы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Кытай Республикасынын аймагына кирген.Тайвандын мамлекет катары тарыхы 1950-ж. жергиликтүу жана сот бийлигине жүргүзүлгөн шайлоолордон башталат.Президенттикке жалпы шайлоолор көп партиялуу саясий негизде 1996-ж.мартта болуп өткөн.Бүгүнку күндө экономикалык өнүгүүсү боюнча дүйнөдө жетинчи орунда турат.Ал компьютердик техника,химия,курал чыгаруу,дүйнөдөгү электрониканы дүң баада сатуу, ж.б.боюнча алдыңкы орунду ээледи. Дүйнөлүк стандарттын талабына дал келген либералдык мыйзам,бийликтин демократиялык мазмуну,жалпы президенттик шайлоо,жеке адамдын укугун коргоо сыяктуу ийгиликтер Тайвандын негизги жетишкендиктери болуп калды. Тайвань

  • Слайд 11

    1997-ж. тартып маалымат технологияларынын негизги 10 түрүн чыгаруу боюнча дүйнөдө алдыңкы орунду эч кимге бербей келе жатат.Компьютерлердин 40%,процессорлордун 60% өндүрүү Тайванга тиешелүү.Жаңы технологиялар жагындагы өндүрүштүн көлөмү боюнча Тайвань Япониядан кийинки экинчи орунда турат. „Тайвань XXI кылымда“ деген программа боюнча экспорттук өнөр жай базасы катары улуттук илимди жана жаңы технологияларды толугу менен колдоого багытталган. Тайвань-азыр дүйнөдөгү эң бай өлкө,жарандык согуштан кийин армияны тараткан эмес.Тайванга да америкалык жардам көрсөтүлгөн,аны натыйжалуу пайдаланган. 1979-ж. баштап экономикасы,сырткы соода байланышы жана калктын кирешеси өскөн.Тайланд,Индонезия, Филиппин,Малайзия,Въетнамда,кийинчерээк Кытайдын деңиз жээктериндеги аймактарга да инвесторго айланган.

  • Слайд 12

    Ири каржы борборлору болгон Сингапур жана Гонконг көп жылдарга чейин өзүнүн бизнесин жана инвестициясын жигердүү өнүгүп жаткан Тайванга жумшаган. Индустриялык технологиядан интеллектуалдык технологияга өтүүгө таң калаарлык кыска убакыттын ичинде жетишилгендиги,жумушчунун илимий-техникалык деңгээлин тынымсыз өткөрүү демилгеси мамлекет тарабынан колго алынып,эч кандай административдик чектөө коюлбастан,маалымат,технологиялык жана илимий табылгаларга чексиз өлчөмдө акчалай колдоо көрсөткөндүгү менен түшүндүрүлөт.Бүгүнкү күндө „Тайвань ажыдаары“ рыноктогу электрондук чиптерди,оптоэлектрониканы,курулуш конструкцияларын-деңиздеги жана кургактагы заманбап транспорттук системаларды ээлеп алды.

  • Слайд 13

    Гонконг XIX к. биринчи жарымында англдардын колониялык бийлиги орноп,1898-ж.Улуу Британия Гонконгдун аймагын 99 жылга ижарага алган.1941-ж.япондор басып алышып, 1945-ж.августтан баштап кайра англиялык бийлик ээлери келишкен. 1982-ж.Пекинде кытайлар менен англдардын Гонконгдун тагдыры боюнча сүйлөшүүсү болгон.Кырдаалды козөмөлдөө максатында КЭР расмий түрдө 1997-ж.кийин Гонконгдун экономикалык системасын өзгөрүлбөгөн абалда 50 жыл сактоого даяр экендигин билдиришкен. 1997-ж Гонконг КЭРдин курамына Өзгөчө административдик район катарында кирген.1997-ж.Гонконгдо ички дүң продукциясынын үчтөн эки бөлүгүн соода,туризм,байланыш,каржы тармагы түзүп,калктын 60% ошол тармактарда иштеген.Гонконг-Азиядагы эң ири каржы борбору болуп калды

  • Слайд 14

    Сингапур Сингапурдун согуштан кийинки тарыхын негизги үч этапка:англдардын протекторатынын алдындагы жылдарга ,Малайзиянын курамындагы жылдарга жана көзкарандысыз өнүгүү жылдарына бөлүүгө болот. 1945-ж.декабрда улуттук кызыкчылыктарды коргогон биринчи саясий уюм - Малай демократиялык союзу пайда болгон. 1954-ж.ноябрда Элдик аракет партиясы түзүлүп,секретары теги кытай адвокат Ли Куан Ю болгон,алар көзкарандысыздыкты жана Малайзияга кошулууну талап кылышкан 1958-ж.Англия Сингапурда өзүн-өзү чектелген башкаруу системасын киргизип,1958-ж. „өзүн-өзү башкаруучу мамлекет “статусун берген.

  • Слайд 15

    1959-ж.Ли Куан Ю премьер-министр болуп калган. 1963-ж.Сингапур Малайзия Федерациясынын курамына кирген.Бирок көп өтпөй эле өзүн тең укуксуз абалда сезе баштап, 1965-ж. Ли Куан Ю жана Абдул Рахман Малайзиянын курамынан чыгуу жөнүндөгү келишимге кол коюшкан. 1965-ж. 9-августта көзкарандысыз мамлекет түзүү жарыяланган,ошол эле жылы расмий түрдө Республика статусу берилген. Сингапурдун тарыхында 1959-ж.1997-ж.чейин Элдик аракет партиясына эч бир партия теңтайлаша алган жок,парламентте 83 депутаттык мандаттын 81ин ушул партия утуп алгандыгынан эле байкаса болот Сингапур экономикалык жактан жогору өнүккөн - „Азия ажыдаарларынын“ катарына кирет. Дүйнөлүк сооданын жана каржынын борбору болуп саналат.Компьютерлештирүү боюнча Япониядан кийинки экинчи орунда турат.Нефтини кайра иштетүүчү деңиз порту жана жан башына түшкөн киреше 25 миң АКШ долларына барабар болгон.

  • Слайд 16

    Тема үчүн суроолор: 1.„Азия ажыдаарлары“ өлкөлөрү болуп кайсы өлкөлөр саналат жана эмне себептен жаңы индустриялык өлкөлөр деген атка конгон? 2.Бул өлкөлөрдө модерндешүүнүү үлгүсүнүн мааниси эмнеде болгон? 3.Кореянын бөлүнүүсүнүн себептери кандай? 4.Тайвань кайсы тармактарда өнүгүүнүн алдыңкы багыттарына ээ болду? 5.Сингапурдун алдыңкы өлкөлөрдүн катарында болушуна кайсы тармактардагы өнүгүүлөрүн айтса болот?

  • Слайд 17

    Көңул бурганыңыздар үчүн рахмат!

Посмотреть все слайды

Сообщить об ошибке